• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

FIFA рейтинги: Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 96-орунда калды

Спорт 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кечээ, 19-декабрда FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын курама командасы 96-сапка жайгашса, футбол боюнча Азия конфедерациясында 15-орунга илинген.

Азия чөлкөмүндөгү рейтингдин биринчи орунун Япониянын курамасы ээледи.

Футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турундагы улуттук кураманын атаандаш болгон Тажикстан 121-орунга, Мьянма 126-орунга жана Монголиянын командасы 190-сапка жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий