• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ФИФА рейтинги: Кыргызстандын футбол курамасы 95-орунда калды

Спорт 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 95-орунда калды. Жаңыртылган рейтинг бүгүн жарыяланган.

Ал эми жакында эле Кыргызстан менен ойноп, тең чыккан Палестина бир сап ылдый түшкөн.

Рейтингде биринчи орунда Бельгия, андан кийин Франция турат. Үчүнчү орунду Бразилия ээлөөдө.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 114, Тажикстан 120, Түркмөнстан 135, ал эми Өзбекстан 82 орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий