• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

FIFA рейтинги жаңыланды: КР футбол курамасы канчанчы орунда?

Спорт 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-июнда Бүткүл дүйнөлүк футбол уюмунун (FIFA) жаңыланган рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Рейтингге ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 210 команданын ичинен 95-орунду сактап калды. Машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында командада 1 миң 232 упай бар.

ФИФАнын рейтинги боюнча командалар Азия кубогу-2023 финалдык этабынын алдындагы чүчү кулакта тайпаларга бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” Бишкекте өткөне Азия кубогуна тандоо оюндарына катышып, экинчи орун менен жолдомо утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий