• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

FIFA рейтингинде Өзбекстан 89-орунду ээлеп, Түркмөнстан чегинди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Футбол боюнча Өзбекстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде алты тепкичке көтөрүлсө, Түркмөнстан дароо тогуз позицияга төмөндөдү. Казакстан эки, Кыргызстан төрт баскычка ылдыйлады, Тажикстан мурдагы ордунда калды.

7-февралда жарыяланган FIFA рейтингиндеги Борбор Азия өлкөлөрүнүн орду:

  • 89. Өзбекстан
  • 95. Кыргызстан
  • 117. Казакстан
  • 120. Тажикстан
  • 136. Түркмөнстан

Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку – 22-баскычты Ирандын курама командасы ээледи. Азия кубогунун финалисти болгон Жапония 27-катардан орун алды. Азия кубогун алган Катар FIFA рейтингинде чоң секирик жасап, 93-орундан 55-орунга көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий