• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ФИФА уюмунун версиясы боюнча Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

Спорт 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясына ылайык, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы билдирет.

Аргентиналык оюнчу "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жана "Ливерпуль" командасынын коргоочусу Вирджил ван Дейкти артта калтырды.

Месси өз карьерасында алтынчы жолу аталган сыйлыкка татыды.

Жылдын мыкты оюнчусу сыйлыгы 2016-жылдан бери берилип келет. Өткөн жылы "Реалдын" оюнчусу Лука Модрич алса, ага чейин эки жыл катары менен Роналду алып келген.

Испания биринчилигинин 2018-19-сезонунда Месси 34 оюн өткөрүп, 36 гол киргизген.

Ошондой эле, аргентиналык оюнчу 2009, 2010, 2011, 2012 жана 2015-жылдары жылдын мыкты оюнчусу аталган.

Пикир

Оставить комментарий