• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Филармонияда жардыргыч зат табылган жок – Бишкек ШИИБ

Кырсык 0

Бишкек, 24-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Филармониянын имаратынын жанындагы курчоо алынды, анда жардыргыч зат табылган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн эртең менен 7:37де 102 номерине Улуттук филармониянын имаратында шектүү куту табылгандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Филармониянын айланасын адамдардын коопсуздугу үчүн курчоого алышкан. Жеринде УКМК саперлорунун бригадасы жана ыкчам-тергөө тобу иштеди.

“Учурда курчоо алынды. Бул шектүү кутуда жардыргыч зат жок экендигин билдирет”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий