• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Филиппин аралдарындагы тайфундан каза болгондордун саны 12ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Филиппин аралдарындагы "Урсула" тайфунунан кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу ABS-CBN телеканалы билдирди.

"Урсула" тайфуну Филиппин аралдарына 24-декабрь күнү кечинде келген.

Телеканалдын маалыматында, Илоило провинциясында 7 адам каза болуп, 12 тургун дайынсыз жоголгон. "Урсула" тайфунунан Чыгыш Самар провинциясында 4 адам көз жумган. Буга чейин Лейте аралында бир адамдын каза болгону айтылган.

Франс Пресс агенттиги тайфундун кесепетинен 16 адам мерт кеткенин жазат.

Өлкөнүн Гидромет борборунун билдирүүсүндө, жума, ишемби күндөрү Филиппин аралдарындагы тайфун басаңдайт.

Пикир

Оставить комментарий