• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Филиппин аралдарындагы "Урсула" тайфунунан каза болгондордун саны 47ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Филиппин аралдарындагы "Урсула" тайфунунан каза болгондордун саны 47ге жетти. Бул тууралуу Rappler басылмасы жазат.

Буга чейин 41 адам көз жумгандыгы айтылган.

Аны менен бирге акыркы маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан 140 адам жаракат алган болсо, 9 жаран дайынсыз жоголууда.

Тайфундан 2 миңдей үй, 55 мектеп жабыркаган. Дээрлик 44 миң адам кооптуу жерлерден көчүрүлгөн.

Эскерте кетсек, "Урсула" тайфуну Филиппин аралдарына 24-декабрь күнү келген.

Пикир

Оставить комментарий