• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Филиппинде улгайган адамдарды ташыган унаа жардан кулап, 19 адам мерт кеткен

Дүйнө 0

Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Филиппин өлкөсүндө улгайган адамдарды ташып бараткан жүк ташуучу унаа жардан кулап кеткен. Жол кырсыгынан 19 адам каза болуп, 22си жаракат алганын Inquirer басылмасына шилтеме берүү менен Известия жазып чыкты.

Полиция кызматынын билдирүүсүндө, улгайган адамдар мамлекеттен жардам катары берилген акча жана үрөн алыш үчүн Калинга провинциясына жүк ташуучу унаа менен келишкен. Аталган провинциядан кайтып келе жатканда кырсыкка кабылышкан.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу тормоздун оңдолбогонунан улам рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жардан кулап, коңторулуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий