• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Филиппиндеги жер силкинүүдөн жабыркагандардын саны 400дөн ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Филиппин аралдарында шейшемби күнү болгон жер силкинүүдөн 400дөн ашык адам жабыркады. Бул тууралуу Manila Bulletin гезити билдирди.

Буга чейин жер титирөөдөн 9 адам каза болуп, 40тан ашык адам жабыркаганы айтылган.

АКШнын Геологиялык кызматы Филиппин аралдарында шейшемби күнү эртең менен күчү 6,8 баллга жеткен жер силкинүү болгонун билдирген. Кийинчирээк анын күчү 6,6 баллга төмөндөгөн.

Жергиликтүү ЖМКнын билдирүүсүндө, жаратылыш кырсыгынан Минданао аралынын бир катар райондорунда инфратүзүм объектилери бузулуп, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Эскерте кетсек, эки жума мурун Минданао аралында ушул сымал күчтүү жер силкинүү орун алган. Андан кеминде 5 адам мерт кетип, 70тен ашыгы жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий