• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Филиппиндин аталышы Республика Махарлика болуп өзгөрүшү мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Филиппиндин президент Родриго Дутерте мамлекеттин атын өзгөртүүнү сунуштады. Мындай пикирин өлкө башчысы Магинданао провинциясына барган учурда билдирди, деп жазат Bloomberg агенттиги.

Дутерте Испаниянын өлкөнүн маданиятына болгон таасирин сындап, мындай байланышты үзүш керек деген пикирде.

"Өлкөнүн атын Магелан койгон. Анткенин анын саякатын Испаниянын королу Филипп II каржылаган. Ушу себептен ал өлкөнүн атын Филиппины деп койгон. Эч нерсе эмес, бир күнү өлкөбүздүн атын өзгөртөбүз", - деди Дутерте.

Анын пикиринде, Филиппиндин атын Республика Махарлика деп оңдош керек.

Эске салсак, мамлекеттин атын өзгөртүү тууралуу Филиппиндин мурунку президенти Фердинанд Маркос дагы сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий