• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Философия илиминин дыйканы Табылды Абдылдаевдин 85 жылдыгына арналган конференция өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. 2017-жылдын 29-ноябрында Улуттук Илимдер Академиясынын корреспондент-мучөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Табылды Абдылдаевич Абдылдаевдин 85-жылдыгына арналган «Т. Абдылдаевдин чыгармачылыгындагы актуалдуу онтологиялык жана экологиялык маселелер» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чара Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйындар залында өтөт.

Маалымдама: Илим дүйнөсү - өтө татаал, көп кырдуу, аны аркалаган, өзүнүн атуулдук жашоосунун, чыгармачылыгынын лейтмотиви, калетсиз принциби катары кабыл алган инсандардын тынымсыз ишмердигинин үзүрү экендиги талашсыз. Бул өнүттө бүтүндөй күч-кубатын жумшап, учкул мезгил агымын жылоолой жүрүп, илимий маалыматтарды талдап, улуттук философиянын жүгүн чаалыкпай көтөргөн атуулдардын бири Табылды Абдылдаев. Элибиздин атактуу педагог-окумуштуусу, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Т.Абдылдаев 1932-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областына караштуу, Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган.

Белгилүү философ-окумуштуу Т.Абдылдаев 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.1956-жылы кандидаттык, ал эми 1968-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, доценттик, профессордук наамдарга татыктуу болгон. Байсалду өмүр жолунда КМУда окутуучу-доцент, 1966-1988-жж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун философия кафедрасынын башчысы жана өмүрүнүн акырына чейин КР УИАнын философия жана укук Институтунда экологиянын философиялык маселелери бөлүмүнүн башчысы ж.б.у.с. кызматтарды үзүрлүү аркалаган. Көп жылдык илимий-ишмердиги жогору бааланып, КРУИА корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.

Учкул мезгилдин чейрек кылымдан ашуун закымында Т.Абдылдаев өлкөбүздүн илим-билимдин өнүгүшү үчүн жан-дилинен кызмат өтөп 60 тан ашуун илимий эмгектерди, макалаларды жазып илим текчесин толуктаган.

Профессор Т.Абдылдаевдин жогорку илимий потенциалын көрсөтүп турган касиеттерди белгилөө зарыл, ал илимпоз катары бирге иштешкен кызматкерлерге катуу талапты кое билген, принципиалдуу эле, бардыгына сын көз караш менен карап, тынбай иштеген, философия дүйнөсүнүн татаал, көп кырдуу сырларын өздөштүрүүгө чон маани берген. Көрүнүктүү окумуштуу, устат педагог катары илимдин 23 докторлорун жана кандидаттарын даярдаган.

Т.Абдылдаев өзүнүн ийгиликтүү илимий жана педагогикалык ишин коомдук иш менен айкалыштырып бир нече жолу философия боюнча илимий-методикалык кеӊештин төрагасы, гуманитардык секциялардын жетекчиси, КРнын «Билим» коомунун президиумунун мүчөсү болгон. Калк арасына экологиялык жана философиялык билимдерди пропагандалоо иштери боюнча чоӊ салымын кошкон.

Кыдыр даарыган, улуу даанышман, профессор Т.Абдылдаев философия илими үчүн эбегейсиз энциклопедиялык эмгек жаратып, өрнөктүү өмүр сүрүп, миӊ жылга тете эч тендешсиз эмгек синирди. Анын чыгармачылыгы жалпы улуттук байлыкка айланган зор асыл десек жаӊылышпайбыз. Т.Абдылдаевдин өрнөктүү, улуу, асыл эмгектери кылым санап, дүӊгүрөп, бул жарык дүйнөдө түбөлүккө жаңыра берсин демекчибиз!

Пикир

Оставить комментарий