• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Фин компаниялары Кыргызстанда «жашыл» экономика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президентитин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров резиденциясы Астана (Казакстан Республикасы) шаарында жайгашкан Кыргызстандагы Финляндия Республикасынын элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист жана «Метсо Аутотек» (Metso Outotec) компаниясынын президенти Маркку Терасвасара жетектеген Финляндия делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, саясий кызматташтыкты активдештирүү жана жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын экономикасына фин компанияларынын инвестицияларын тартуу маселелери, анын ичинде “жашыл экономика”, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен өндүрүшү, креативдүү экономика чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги талкууланды.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар реформалар жүргүзүлүүдө. Республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатат», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде элчи фин компанияларынын «жашыл» экономика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирип, Кыргыз Республикасынын бул багыттагы чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин «Метсо Аутотек» компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, «Кыргызалтын» ААК, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Алтынкен» ЖЧК жана «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» ЖЧК жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-финляндиялык эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Тактап айтканда, тараптар тоо-кен тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуу жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Финляндиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий