• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финалга өзгөчө нерсе даярдап жатабыз – Атай Өмүрзаков “Adem” тобунун финалга чыгышы тууралуу

Маданият 0


Бишкек, 1.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Adem” тобу Малайзияда Asia`s Got Talent сынагынын финалына чыкты. Бул тууралуу соцтармактарда бийчилердин устаты Атай Өмүрзаков билдирди.

Мындан тышкары, ал балдар интернет добуш берүүнүн жеңүүчүлөрү болушканын белгиледи.

“Фейсбук #AGTVote9 хештеги менен колдоо постторуна толуп кетти. Бул абдан толкундатат. Мен муну бир бүтүн эл, бир команда деп түшүнөм”, - деп Өмүрзаков добуш бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

Ал балдар финалга даярдык көрүп башташканын жана алар жаңы, өзгөчө бир нерсе даярдап жатышканын кошумчалады.

Азия сынагынын финалы 7-декабрда өтүп, 14-декабрда жыйынтыктары айтылат.

Эскерте кетсек, “Adem Dance” бул сынакта эки өзгөчө бийи менен чыккан. Бири “Мортал Комбат”, экинчиси “Музейдеги тоноочу” видео оюндарынын мотиви боюнча даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий