• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Финансы институттарынын 2021-жылга карата артыкчылыктуу пландары талкууланды

Президент 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик Фонду» ААКтын башкарма төрагалары Улан Букабаев, Азизбек Оморкулов жана Малик Абакировду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысына 2020-жылда долбоорлорду каржылоого жана жеңилдетилген насыяларга бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана финансы институттарынын 2021-жылга карата артыкчылыктуу пландары жөнүндө маалымат берилди.

2020-жылы «Айыл Банк» ААКсы тарабынан 12,8 миллиард сомго 52 043 насыя берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 779 миллион сомго же 6,5%га көп. Анын ичинен 10,3 млрд сом же 80,4% өлкөнүн облустарындагы долбоорлорду каржылоого багытталганы белгиленди.

2020-жылы «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 11,6 миллиард сомдон ашык суммага 10 601 насыя берген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго же 37,9%га көп. Аймактарда берилген насыялардын үлүшү жогорулап, алар 9 206ны же жалпы кредиттердин 86,8%ын түзгөн.

2020-жылы «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан 1 миллиард сомдон ашык суммага 1865 кепилдик берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 101 миллион сомго же 11,1%га көп. Берилген кепилдиктердин саны 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон.

Өлкөнүн финансы институттарынын жетекчилери каржылоонун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалгандыгын маалымдашты.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга карабастан, бүтүндөй банк системасында салыштырмалуу туруктуулук көрүлгөнүн баса белгиледи.

Ошол эле учурда президент 2020-жылы «Айыл Банк» артыкчылыктуу багыттардын бири болгон жана экономиканын реалдуу секторуна чоң салым кошуп жаткан өнөр жай тармагына азыраак насыя бөлгөнүнө көңүл бурду.

Президент бул багытты өнүктүрүү жана насыялоонун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан сырткары, президент 2020-жылы «РСК Банк» насыяларынын дээрлик жарымын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы долбоорлорго бөлгөнүнө токтолуп, кредиттик ресурстарды бардык аймактарда тең салмактуу бөлүштүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Ал эми «Кепилдик фондунун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу мамлекет башчысы 2020-жылы региондорго аталган фонд тарабынан берилген кепилдиктердин үлүшү 2019-жылга салыштырмалуу азайганы байкалганын айтты.

Садыр Жапаров кепилдиктердин көпчүлүгү өлкөнүн аймактарындагы экспортко багытталган ишканаларды жана кластердик долбоорлорду колдоого багытталышы керектигин белгиледи. Экономиканын реалдуу тармактарына өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошондой эле мамлекет башчысы Экономика жана финансы министрлигине «РСК Банкты» кошумча капиталдаштырууга багытталган чараларды көрүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 8-февралында жарыяланган «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында финансы рыногун өнүктүрүүнүн жана санариптештирүү процессин тездетүүнүн, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий