• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финансы министри Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Регионалдык директору Самех Нагиб Вахба жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Наквименен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын ортосундагы, тактап айтканда, энергетика, климаттын өзгөрүшү, суу менен камсыздоо, агроазыктүлүк кластерлерин өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы жана келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда белгиленген маселелерди биргелешип илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Пикир

Оставить комментарий