• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финансы министри ЕРӨБдүн өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова жана Евразиядагы инфраструктура департаментинин башчысы Екатерина Мирошник менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда учурдагы инвестициялык долбоорлор боюнча маселелер талкууланды.

Алмаз Бакетаев банкка учурда долбоорлорду макулдашуу боюнча Экономика жана коммерция министрлиги менен Финансы министрлигинен корутундуларды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Тараптар суу менен камсыздоо, коомдук транспорт, жол жана "жашыл" экономиканы жакшыртуу долбоорлору боюнча кызматташууну макулдашты.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 1993-жылдан бери Кыргызтанда экономиканын түрдүү тармактарындагы 88 долбоорду инвестициялаган.

Пикир

Оставить комментарий