• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финансы министри: МИКтин капиталын 12 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) капиталын жыл аягына чейин 12 млрд сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан брифингде финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтуусуна таянсак, МИКтин капиталы 2021-жылы 5,7 млрд сомду түзгөн

«2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында МИКтин капиталы 7,5 млрд сомду түздү, бул бюджеттик каражаттар. Бирок биз башка каржы институттарынан жардам күтөбүз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий