• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финансы министринин орун басары коронавирус илдетине чалдыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын финансы министринин орун басары Абдыбалы тегин Суеркул COVID-19 коронавирустук инфекциясына чалдыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлигинде үч адам илдетке кабылган.

“Биз ведомстводо дезинфекциялоо иштерин жүргүздүк. Бардык байланышта болгон адамдар ПЧР анализин тапшырды. Бүгүнкү күндө Коронавируска каршы күрөшүү штабынын сунушун эске алып, кеңседе иштеген адамдардын саны минималдаштырылды. Көбү аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү”, - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий