• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Финансы министрлиги 2019-жылы бюджеттин тартыштыгын 10,2 млрд. сом көлөмүндө болжолдоп жатат

Экономика 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Финансы министрлиги 2019-жылы бюджеттин тартыштыгын 10,2 млрд.сом көлөмүндө болжолдоп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министрдин орун басары Алмазбек Азимов кабарлады.

Ал белгилегендей, 2019-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 151,8 млрд. сомду, ал эми чыгашалар - 161,9 млрд. сомду түзөт.

Азимовдун айтуусунда, дефицитти жабуу үчүн бул жылы тышкы булактардан 12,5 млрд. сом жана ички булактардан 2,3 млрд. сом каралган.

Каржы министринин орун басары белгилегендей, республикалык бюджет жарым жылга каралат. “Биз азыр 2020-жылдын бюджетин кароого аракет кылып жатабыз. 2019-жыл үчүн тартыштыктын суммасы бекитилген, бирок жыл ичинде өзгөрүүлөр болуусу мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий