• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Финансы министрлиги: 2019-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 4,0%ды, 2020-жылы 4,4%ды түзөт

Экономика 0

Бишкек, 26.09.18. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктунун өсүшү – 4,0%ды (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд 707,4 млн сом), 2020-жылы ИДП өсүшү – 4,4% деңгээлди (же 667 млрд 78,8 млн сом), 2021-жылы 4,2%ды (736 млрд 239 млн сом) түзөт. Бул тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Министр 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча баяндама жасады.

"Республикалык бюджеттин киреше өлчөмү 2019-жылы – 168 млрд 308 млн сомду, 2020-жылы – 175 млрд 881 млн сомду жана 2021-жылы 182 млрд сомду түзөт. Буга катар бюджетти пландаштырууну жакшыртуу, бюджеттик тартипти күчтөндүрүү үчүн республикалыкбюджеттин пайдасына сатуудан салык чегерүүнүн ченемдерин 2019-жылы – 50%га, 2020-жылы – 75%га, 2021-жылы – 100%га жогорулатуу сыяктуу сунуштар каралган", - деп билдирди министр.

Ал белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өз кирешелеринжогорулатуусуна шыктандыруу максатында келерки жылдын долбоорунда 100 млн сом суммасындагы кошумча каражаттар каралууда, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан бекитилген тартипке ылайык бөлүштүрүлөт.

"Аталган каражаттарды берүүнүн негизги шарты катары салыктын айрым түрү (жер салыгы,мүлккө салык, жер ижарасы жана Айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү фондунун ижарасы) боюнча пландын ашыра аткарылышы саналат. Республикалык бюджет тууралуу мыйзамдын сунушталып жаткан редакциясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын максаттуу трансферттер аркылуу стимулдаштыруу жөнүндө ченем киргизилген, ал айыл өкмөтүнө ганабагытталат. Келечекте аталган ченем айыл өкмөтүнүн киреше булагын кескин жакшыртуугамүмкүндүк берет", – деп белгиледи ал.

Андан тышкары финансы министри билдиргендей, алдыда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну эске алганда, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий