• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финансы министрлиги: 2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында 47,5 млрд сом тартуу каралууда

Экономика 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Финансы министрлиги 2022-жылга тышкы жана ички карыз алуу планын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 2022-жылга бекитилген бюджеттин алкагында 47 млрд 481,5 млн. сом суммасында каражаттарды тартуу каралууда, анын ичинен:

  • Мамлекеттик инвестициялык долбоорлор (МИП) - 2022-жылы тышкы булактардын эсебинен мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун көлөмү 21 млрд 917,9 млн сомду түзөт.
  • Программалык (бюджеттик) жардамга Дүйнөлүк банктын программасынын алкагында 9 млрд 945 млн сом кредиттик каражаттарды алуу күтүлүүдө, ж.б.
  • Мамлекеттик баалуу кагаздар (МБ) боюнча - 2022-жылга бюджетте мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 15 млрд 618,6 млн сом суммасында каражаттарды кароо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий