• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Финансы министрлиги 1-январдан тарта бир катар санариптик долбоорлорду ишке киргизет

Экономика 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Финансылык башкарууну жана санариптештирүү программасын өркүндөтүүнүн алкагында Финансы министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта бир катар санариптик долбоорлорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул долбоор Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын базасында учурда бюджеттик уюмдарда иштеп жаткан ар кандай программалык продуктулардын ордуна бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун бирдиктүү маалыматтык программалык системасын ишке ашырууну көздөйт.

"Бул бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун аягына чейин контролду камсыздап, мамлекеттик каражаттарды жана мамлекеттик мүлктү башкарууну жана отчеттуулугун түп-тамырынан бери жакшыртып, аларды Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулуп, улуттук жана эл аралык бухгалтердик эсептин стандарттарына ыңгайлаштырат. Финансылык контролдун бул моделин ишке киргизүү бюджеттик мекемелердин бүгүнкү күндө алар колдонгон ар кандай программалык продуктыларды тейлөөгө кетирилген чыгымдарды кыскартууда онлайн көзөмөлдү киргизүүнүн эсебинен мультипликативдик эффект берет. Мындан сырткары, бюджеттик финансылык ресурстарды пайдалануу, чыгымдарды азайтуу жана бухгалтердик эсептин штаттык санын оптималдаштырууга да өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бул бирдиктүү механизм 2023-жылдын 1-кварталында 10 уюмда пилоттук түрдө ишке киргизилип, 2023-жылдын 1-апрелинен тартып өлкөнүн бардык башка уюмдары үчүн аны кеңири масштабда ишке ашыруу башталат.

Пикир

Оставить комментарий