• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Финансы министрлиги: 2023-жылы Суу чарба кызматына 4,4 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. 2023-жылга Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматына (борбордук аппарат, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр) 4,4 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар жана атайын каражаттар - 1,2 млрд сом;

- мамлекеттик инвестициялык фонддор - 3,2 млрд.

"Бюджеттик каражаттардын 1 млрд сому ирригациялык системаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине каралган. Бүгүнкү күнгө 362,1 млн сому бөлүндү", - деп айтылат маалыматта.

Жыл ичинде төмөнкүдөй кошумча каражаттарды бөлүү чечими кабыл алынды:

- жер снаряддарын сатып алууга 199,4 млн сом. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун жүргүзүүдө;

- ошондой эле Суу кызматына лизингге атайын техникаларды сатып алууга жакынкы жылдарга 1 млрд сомго жакын каражат каралып, анын 350 млн сому 2023-жылы бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий