• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финансы министрлиги Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү планы тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Күн тартибиндеги негизги артыкчылыктардын бири – Баткен облусу. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев Баткен районунун жергиликтүү бийлик органдары жана жашоочулар менен жолуккан кезде билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, финансы министри президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри, Баткен, Лейлек райондорунун акимдери жана Кулунду айыл аймагынын башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Жыйында бир катар маселелер көтөрүлдү:

  • Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
  • Булак-Башы айылындагы мектептин курулушу жана капиталдык ремонту;
  • Интернационал жана Ак-Арык айылдарындагы мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү;
  • Насостук станцияларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;
  • Жаңы айдоо жерлерди өздөштүрүү үчүн жаңы ирригациялык каналдарды куруу жана тартуу;
  • “Жашыл чек ара” долбоорун каржылоо. Бул долбоордун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Лейлек районунун аймагына мөмөлүү бактардын көчөттөрү отургузулат;
  • “Айылдык долбоорду каржылоо” долбоорунун алкагында жеңилдетилген программалардын пайыздык чендерин субсидиялоону жогорулатуу;
  • Райондордун экономикасын өнүктүрүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди бөлүү.

Белгилей кетсек, Финансы министрлиги жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди министрликтин иш-планына киргизип, тез арада чечүүнү колго алат.

Финансы министри өзгөчө көңүлдү кризистен кийинки мезгилде бизнести колдоо жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо чараларын күчөтүүгө бурду.

"Бүгүнкү күндө күн тартибиндеги негизги артыкчылыктардын бири – Баткен облусу. Биз ата мекендик ишкерлерди колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгып, Финансы министрлигине караштуу “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” аркылуу жеңилдетилген насыяларды бөлүү боюнча сунуштарды карайбыз", - деп баса белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий