• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финансы министрлиги ички аудит кызматтарынын адистерин онлайн-окутуу тутумун ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. КРнын Финансы министрлиги 2017-жылы 13-марттан баштап республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун ички аудит кызматтарынын адистерин онлайн-окутуу тутумун сынамык режиминде ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик органдардын ички аудит кызматтарынын адистерин тынбай өнүктүрүп туруу тутумун жайылтуу максатында Финансы министрлиги тарабынан онлайн-окутуу тутуму иштелип чыккан, ал иш процессинен ажырабастан реалдуу убакытта окутуу жүргүзүүгө жол ачат.

Онлайн-окутуу ички аудиторлорду окутуу менен байланышкан чыгымдарды азайтуунун эсебинен экономикалык пайда алууга, билим берүү кызматтарын көрсөткөндөрдөн көз карандысыз болууга жол ачып, ички аудиторлорго объективдүү тестирлөө жүргүзүүнү шарттайт.

Онлайн-окутуунун негизги артыкчылыгы – аудиторлорду массалык түрдө бир учурда окутуу; зарыл деңгээлде аудиторлордун билимине колдоо көрсөтүү; аудиторлордун билим деңгээлин көтөрүү, аудиторлордун сапатын жана компетенциясын көтөрүү; ички аудит чөй рөсүндө кадрдык жана башкаруу резервин түзүү болуп саналат.

“Мамлекеттик сектордун ички аудитинин мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 10 машыктыруучу даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий