• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Финансы министрлиги: Мамкызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 7 млрд сом каралган

Экономика 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-августунан тарта бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эмгек акыларды жогорулатууга бюджетте эмгек акы фондусуна 7 миллиард сомго жакын каражат каралган.

Мамлекет тармагындагы кызматкерлерине төмөнкү категориялары кирет:

- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер;
- мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;
- кенже техникалык тейлөө персоналы;
- күч түзүмүнүн жарандык жана эмгек келишими боюнча иштеген, кызматта турбаган жана наамы жок кызматчылар;

Эскерте кетсек, президенттин «Бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында 1-апрелден тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин, мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият, спорт кызматкерлеринин, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий