• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финансы министрлиги МИКтин уставдык капиталын көбөйтүүгө 500 млн сом бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 500 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалат.

Мамлекеттик ипотекалык компания Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн бул каражатка ар биринин номиналдык баасы 100 миң сомдук 5 миң нусканы чыгаруу менен жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтөт. Аларды биржада сатуунун эсебинен МИКтин уставдык капиталы 11 млрд 239,5 млн сомду, ал эми жүгүртүүдөгү акцияларынын саны 112 миң 395ти түзөт.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы министрлер кабинети МИКке 3,5 млрд сом бөлгөндөн кийин уставдык капитал 10,7 млрд сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий