• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну пландап жатат

Экономика 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Финансы министрлиги “Жалпы мамлекеттик депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарды чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга алып чыгууда.

Документке ылайык, бюджетти колдоо үчүн ыктыярдуу негизде юридикалык жана жеке адамдардан түшүүчү акчалай каражаттарды топтоштуруу жана максаттуу пайдалануу, экономикалык амнистия боюнча иш-чаралардын алкагында социалдык маанилүү чыгымдар боюнча төлөмдөрдү камсыздоо боюнча акчалай каражаттарды легалдаштыруу (мыйзамдаштыруу), ошондой эле бул каражаттарды чегерүүнүн, эсепке алуунун жана пайдалануунун ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында өзүнчө эсеп ачуу зарылдыгы бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-ноябрындагы 358-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-чаралар планынын 21-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 23 декабрында кабыл алынган "Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана учурдагы социалдык маанилүү чыгымдар боюнча төлөмдөрдү камсыздоого, башка биринчи кезектеги жалпы мамлекеттик милдеттерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүүгө, калк тарабынан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору демилгеленген .

Бул токтом долбоор менен менен жалпы мамлекеттик депозитик эсепке түшүүчү акчалай каражаттарды чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү сунушталат. Кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштери алкагында укук коргоо органдарынын депозиттик эсебиндеги каражаттар, ошондой эле ыктыярдуу негизде которулган башка акчалай каражаттардын түшүүлөрү, депозиттик эсепти ачуу максаттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген Кыргыз Республикасынын резидент жана резидент эместери тарабынан которулган акча каражаттары чегерилүүсү жана эсепке алынуусу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий