• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финансы министрлигинде С.Муканбетовдун катышуусунда коллегиялык кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин ведомствонун 2017-жылкы иш жыйынтыгын кароо боюнча коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Коллегия мүчөлөрү ведомствонун түзүмдүк подразделениелеринин отчетун, тактап айтканда, 2017-жыл үчүнреспубликалык бюджеттин аткарылыш жыйынтыгын, министрлик жана ага караштуу уюмдардын бюджеттик, атайы жана башка каражаттарын пайдалануу аудитинин жыйынтыгын, ведомствонун коррупцияга каршы туруу боюнча Иш-чаралар планынын алгачкы антикоррупциялык мониторингинин отчетун жана аткаруу тартибинин абалы тууралуу маалымат угушту.

Коллегиянын жүрүшүндө вице-премьер-министр С.Муканбетов бюджетти аткаруу боюнча оңдуу жыйынтыктарга карабастан, министрлик тараптан 2017-жылы өнүгүүгө ээ болбогон позицияларга көңүл бурулуусу кажет экендигин белгиледи.

«Биринчи кезектеги жана эң маанилүү нерсе бул ресурстарды пландаштыруу жана бөлүштүрүү. Бюджеттин киреше бөлүгүн пландаштыруудагы кемчиликтер чыгаша беренелери боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин кыскартылышына алып келди. Экинчиден, чыгашалардын негизги бөлүгү жылдын акыркы кварталына туура келүүдө, бул министрлик жана ведомстволор тараптан өз милдетенмелеринин аткарылбай калышына жана финасылык карыздардын келип чыгуусуна, ошондой эле финансылык жылдын соңуна карай тармактык ведомстволор тарабынан бюджеттин каражаттарын натыйжасыз пайдаланылышына алып келүүдө», - деди вице-премьер-министр.

С.Муканбетов билдиргендей, мамлекеттик органдардын финансы каражатына реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарын кварталдык пландаштырууну өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу керек. Андан соң өз баяндамасында ал мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча милдеттенмелердин жана процедуралардын өз мөөнөтүндө жана толук эмес аткарылгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан алсыз көзөмөл болгондугун көрсөттү.

«Бул инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун кыскартылышына жана өлкө экономикасына 11,0 млрд сомдон ашуун финансылык каражаттын өздөштүрүлбөй калышына алып келген. Буга байланыштуу коллегия жыйынтыгы боюнча аталган маселенин жетишсиз иштелишине жол берген кызматкерлерге карата тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл», - деп билдирди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, С.Муканбетов ведомствонун аткаруучулук тартибинин алсыздыгын белгиледи. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча 14 ЧУА, 29 протоколдук тапшырма жана КР Өкмөтүнүн 94 тапшырмасы мөөнөтүн создуктуруу менен аткарылган.

«Белгилесем, 2017-жыл үчүн жарандардын кайрылуусун кароодо да ушундай эле абал түзүлгөн. Ошондой эле Финмин киргизилип жаткан ЧУАларга, тактап айтканда алардын Регламентке жана мыйзамга ылайык келүүсүнө, тапшырмалардын аткарылышын такай узартууларга жана ЧУА аткаруу мөөнөттөрүнүн создуктурулушуна, киргизилген документтердин орфографиялык жана стилистикалык каталарына көңүл буруусу зарыл. Тартиптик мүнөздөгү катаал чаралардын кабыл алынуусу тийиш», - деди ал.

Ошондой эле коллегияда вице-премьер-министр Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизилген мамлекеттик тилдеги дээрлик бардык чечим долбоорлору олуттуу каталарды камтый тургандыгын маалымдады.

«Ал эми бул жол берилгис фактор болуп саналат жана министрлик жетекчилигинин өзгөчө кароосуна муктаж.Белгилей кетсем, бүгүнкү күнгө дейре Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыга элек», - деди С.Муканбетов.

Сөзүнүн соңунда ал төмөнкү багыттар жана милдеттер өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын белгиледи:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасын 2018-жылга карата Иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо.
  2. Бюджеттик системанын туруктуулугун камсыздоо, финасылык тутумга таасир эткен өзгөртүүлөрдү эске алуу менен бюджеттин туруктуулугун жана балансын сактоо.
  3. Мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу жана тышкы каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүү алкагында мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү.
  4. Министрлик жана ведомстволордун чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чыгымдык милдеттенмелерин талдоого алуу жана үстүбүздөгү жылга карата аларды оптимизациялоо бооюнча чаралар пакетин карого киргизүү.
  5. 2018-жылы мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөр боюнча иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууну камсыздоо.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна орто мөөнөттүк мезгилге фискалдык саясаттын негизги багытынын долбоорлорун өз мөөнөтүндө киргизүү.
  7. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик тейлөө сапатын жакшыртуумаксатында мамлекеттик бюджетти программалык негизде пландаштыруу боюнча ишти улантуу.
  8. Финансы министрлиги бюджетти пландаштыруу жана уюштуруу баскычында бизнес процесстерди автоматташтырууну киргизүү боюнча ишти күчтөндүрүүгө басым жасашы тийиш.

Пикир

Оставить комментарий