• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финансы министрлигине 2019-жылы ШКУнун отурумун өткөрүү үчүн 100 миллион сом табуу тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев финансы министри Адылбек Касымалиевге 2019-жылы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумун өткөрүү үчүн 100 миллион сом табууну тапшырды. Бул тууралуу ал өкмөттүн отурумунда айтты.

Анын айтымында, эмдиги жылы Кыргызстан кабыл алуучу тараптын ролунда болот, отурумду өткөрүүгө быйыл эле 100 миллион сом табуу керек.

“Келерки жылы бизде ШКУ өтөт, биз кабыл алуучу тарап болобуз. Быйыл каражаттарды бөлүү керек, келерки жылы жетишпей калабыз. Эгерде иш-чараны өткөрө албай калсак, туура эмес болуп калат. Акча таап, бөлүштүргүлө”, - деди ал финансы министри Адылбек Касымалиевге.

Пикир

Оставить комментарий