• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен бюджеттик каражаттарды алуу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында опузалоо жана пара алуу фактысы менен Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын инспектору С.О.Т. кармалып, анын бөгөт коюу чарасы катары сот органдары тарабынан камакка алуу түрү тандалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө С.О.Т. агенттиктин ишин пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө, башкы бухгалтер С.Н.К. тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысын таап, бирок кызматтык абалын опузалоо жолу жана кыянаттык менен пайдаланып, С.Н.К. дан 700 миң сом өлчөмүндө пара алгандыгы жана аудиттин актысында аныкталган эреже бузууларды чагылдырбагандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча С.О.Т. Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 343-беренеси (пара талап кылуу) боюнча айып коюлуп, айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык финскалдык жана контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий