• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Финансы министрлигинин мамлекеттик баалуу кагаздары саттыкка чыкты

Экономика 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында 25-26-майда 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен Мамлекеттик казыналык векселдердин жана 2 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен Мамлекеттик казыналык облигациялардын биринчи жайгаштырууларын жүргүзө баштады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 12 айлык Мамлекеттик казыналык векселдер сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгы менен Мамлекеттик казыналык облигациялар эмиссиясынын көлөмү 4,2 млн сомду түздү. Ал эми орточо алынган кирешеси 11,94% болду.

26-майда жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон Мамлекеттик казыналык облигацияларын сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык, чыгаруу эмиссиясынын көлөмү 143,1 млн сомду ал эми орточо алынган кирешеси 15,21% түздү.

Калкты финансылык инструменттери менен кеңири камсыз кылуу максатында Финансы министрлиги «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКсы менен бирдикте фондулук рынокту жана анын санариптик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерин улантат. Бул демилгенин максаты өлкөнүн экономикасын чыңдоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий