• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финансы полициясы коррупция менен күрөшүү боюнча эсепке 95 млн. сомдон ашык каражат которду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.19./Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 95 млн. 748 миң 549 сом каражат которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы сумманын ичинен 85 млн. 684 миң 405 сом мындан мурдараак "Акнет" ЖЧКсына карата козголгон кылмыш ишинин алкагында алынган.

Финансы полициясы билдиргендей, учурда алар тарабынан которулган каражат 370 млн. 687 миң 965 сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, "Акнет" компаниясы салык текшерүүгө алынганда белгилүү бир бузуулар аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий