• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финансы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшере баштады. Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз кызматынан жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыкташты.

Башталган текшерүүнүн чоо-жайы айтылган жок. Бирок Стамалиеванын айтымында, бул маселе президент тарабынан 2018-жылдын 18-декабрындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтылган.

Маалымат жыйынында көз карандысыз журналист Элнура Алканова президентке Матраимовго карата кандайдыр бир чара көрүлөрү тууралуу суроо салып, аны менен бирге эл ичинде "Райым миллион" аталган Райымбек Матраимовдун мүлкүнө катыштуу өзүнүн иликтөөсүнүн материалдарын берген.

Жээнбеков иликтөөнүн материалдары менен таанышып, аны ыйгарым укуктуу органдарга берерин айткан.

Пикир

Оставить комментарий