• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Финполициясы жыл башынан бери Бирдиктүү реестрга 269 ишти каттаган - Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 29.05.19 /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 269 билдирүү жана арызды каттаган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Кумар Байдылдаев билдирди.

Ал маалымдагандай, 269 иш 1-январдан 20-май аралыгында катталган.

"Анын ичинен 36 иш сотко жиберилген, 48 иш өндүрүштөн кыскартылган, 19 иш кылмыштын белгилери тастыкталгандыктан тергөө бөлүмчөлөрүнө өткөрүлгөн, калган 165 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө", - деди ал.

Анын айтымында, азыркы мезгилде, жазык-укуктук жосундары келтирилген зыяндын өлчөмүнүн мүнөзүнө карата кылмыштарга жана жоруктарга классификацияланат. Жоруктар жөнүндө кодексине 1997-жылдын редакциясындагы Кылмыш жаза кодексиндеги чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жана администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексиндеги коркунуч денгээли боюнча кылмыш болуп саналуучу айрым укук бузуулар киргизилген.

"Айырмачылык мында болууда: жоруктан келтирилген залака, Жазык кодексинде көрсөтүлгөн боюнча оор же олуттуу, же болбосо олуттуу зыян келтирүү коркунучун жаратуучу деп эсептелбейт. Бул расмий белгилери боюнча жоруктар кылмыштардан айырмаланат. Ошол себептен, Жазык кодексинде каралган кылмыштын белгилери жок болгондо жоруктар үчүн жоопкерчилиги каралат", - деди Байдылдаев.

Анын пикири боюнча, Жоруктар тууралуу кодекстин кабыл алынышы коомдун "криминалдашуусу" болбойт.

"Жаранды Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу анын соттуулугуна алып келбейт. Жоруктун түшүнүгү Жоруктар жөнүндө кодексинин 15-беренесинде берилген", - деди ал.

Ошондой эле ал, жаӊы Жазык-процесстик кодекси, кылмыштар жана жоруктар боюнча жазык сот өндүрүшүн белгилей тургандыгын айтып өттү. Ал эми, жоруктар боюнча сотко чейинки жана соттогу өндүрүш Жазык-процесстик кодексинин жалпы жана атайын эрежелери менен аныкталат (502-511 беренелери).

"Мамлекеттик органдарына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды эске алуу менен Жазык-процесстик кодексинин 503-беренесинде, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүгө ыйгарым укугу бар алгачкы текшерүү органы катары алардын компетенциясына жоруктардын тизмеси белгиленген. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү органы жалпы 24-берене боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерди жүргүзөт" - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий