• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлай.

Ликвидация боюнча комиссияга: ЭККМК кызматкерлерин бошотуу жана бошонуу жөлөкпулун, ошондой эле башка кошулуучу төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөө; кредиторлор менен эсептешүү жана ведомствонун дебитордук карызын төлөтүү; мүлкүн каттоо жүргүзүү; Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ликвидациялык балансын даярдоо жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жөнөтүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) бошотулган кызматкерлерин окутуу, кайра даярдоо боюнча сунуштарды киргизүү; ЭККМК өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарды белгиленген тартипте тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий