• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы жыл жыйынтыгын чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2017-жыл үчүн ведомствонун иш жыйынтыгын чыгаруу жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча коллегия кеңешмесинин ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Коллегиянын өкүлдөрү ведомствонун курамдык бөлүмдөрүнүн отчетун укту, тактап айтканда: баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, топтолмо пенсиялык системасынын камсыздандыруу ишмердүүлүгү, бухгалтердик эсеп, финансалык отчеттуулук жана аудитти өнүктүрүү боюнча.

Ошондой эле укуктук жана лицензиялык уруксат берүүчү, экономикалык анализ, финансалык камсыздоо, уюштуруучулук жана кадр иш жаатындагы 2017-жыл боюнча маалымат көрсөтүлдү.

2017-жылдагы иштин жыйынтыктарын канааттандырарлык деген баасынан кийин Мамфинкөзөмөлдүн төрагасынын милдетин аткаруучу Абдухалык Шамшиев кызматтын 2018-жылдагы иш планын тартуулады. Ведомствонун отчету жактырылып, 2018-жылга сунушталып жаткан план кабыл алынды.

Коллегия ишинин жүрүшүндө вице-премьер-министр С.Т. Муканбетов сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык региондорду өнүктүрүүдө муниципалдык баалуу кагаздарды өнүктүрүү маселесин кайрадан актуалдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

«Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды колдонуу менен шаарлардын инфраструктурасын каржылоо үчүн кыска мөөнөттө шарттарды камсыз кылып бериш керек», - деп белгиледи Муканбетов.

Ошондой эле вице-премьер-министр тарабынан уюштурулган рыноктор, биржалык жана соода аянтчаларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул суроолор Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасында камтылган.

«Евразиялык экономикалык бирлик экономикалык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин алкагында уюштурулган рыноктордун, биржалык, соода аянтчаларды өнүктүрүү жана ага Кыргыз Республикасынын өнөктөш өлкөлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери турат. Бул суроо «Жаңы доорго кырк кадам» программасында камтылгандыгын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Андан тышкары «Таза коом» санариптик трансформация Программасына ылайык электрондук рынокторду агрессивдүү түрдө киргизе башташ керек», - деп белгиледи вице-премьер-министр.

Вице-пермьер-министр өз сөзүндө мамлекеттик баалуу кагаздарды жана мамлекеттик акция пакети бар ишканалардын кагаздарын башкарууга өзгөчө маани берди. Пенсиялык системадагы реформаларды айтып жатып, С.Муканбетов кесиптештеринин көңүлүн эң «узун акчалар»- пенсиондук фонддун каражаттарына жетүүнүн ачылып жаткан келечегине бура кетти. Анын ою боюнча Жөнгө салуучуга аларды өндүрүүчү секторго багытташ керек, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жагымдуу таасир берет.

Жыйынтыгында С.Муканбетов Мамфинкөзөмөлгө жакынкы аралыкта жогорку деңгээлдеги маселерди коюу менен өзүнүн ролун күчтөндүрүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий