• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Канатбек Тургунбеков дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

Ошондой эле белгилегендей, ведомстводо мурдагы башчы Гуламжан Анарбаевди салтанаттуу узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Төрага Тургунбеков ведомствонун мурдагы башчысына жылуу каалоо-тилектерин жолдоду.

“Баарыбызга белгилүү, сиз үчүн аткарылган иштин сапаты дайыма биринчи кезекте болуп келген. Сиз, тажрыйбалуу инсан катары өсүп келе жаткан муун үчүн акылдуу насаатчы катары көрүнүктүү мисал боло алдыңыз. Сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз алдыда дагы да мындан башка чоң кызматтарга жумшаларына күмөнүм жок”, - деди ал.

Өз кезегинде Анарбаев, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында иштеген кезиндеги баардык жетишкендиктерге токтолуп, бул ийгиликтер жалпы жааматтын эмгеги экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий