• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууну баштоо боюнча расмий иш-чара болуп өттү

Экономика 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууну баштоо боюнча расмий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Стратегия Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) долбоорунун техникалык көмөк көрсөтүүсү менен Улуттук банк тарабынан иштелип чыгат. Долбоор Швейцария өкмөтү, ошондой эле жеке сектордун мамлекеттик органдары жана өкүлдөрү тарабынан каржыланат.

Жөнгө салынган финансы уюмдары тарабынан туруктуу негизде сунушталган сактык жана кредит продукттарынан колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү Борбордук Азияда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу долбоорун ишке ашыруунун негизги максаты болуп саналат.

«Финансылык жеткиликтүүлүк боюнча иш-чараларды ишке ашыруу өлкөнүн жалпы экономикасына алгылыктуу таасир берет, себеби калкка жеткиликтүү болгон финансы сектору экономиканын атаандаштыкты жараткан жана экспортко багытталган нукта өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», - деп Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов иш-чаранын катышуучулары алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасындагы финансылык жеткиликтүүлүктүн учурдагы абалын жана эл аралык практиканы эске алганда, жогоруда аталган улуттук стратегияда: сунушталган продукттар чөйрөсүн (камсыздандыруу кызматтарын жана капитал рыногун өнүктүрүүнү кошуу менен), жеткиликтүү кызмат көрсөтүү түйүндөрүн, каналдарын кеңейтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн укукун коргоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттар аныкталат.

Жогоруда аталган артыкчылыктуу багыттар боюнча катышуучулар үчүн техникалык семинарлар жана жумушчу топтор үчүн бир катар жолугушуулар 2019-жылдын 26-27-сентябрында өтөт.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) ири өнүктүрүү институту болуп саналат, анын иши өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторду колдоого багытталган. Ал 2018-жылы жакырчылыкты жоюу жана жалпы жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жеке сектордун потенциалын бекемдөө менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө $23 миллиард өлчөмүндө узак мөөнөттүү инвестицияларды жумшаган.

Пикир

Оставить комментарий