• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финчалгындоо кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты эмнеге сурап жатканын түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. / Кабар/. Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматы банктардан кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча маалыматты эмнеге сурап жатканын түшүндүрдү. Мекеменин төрагасы Гуламжан Анарбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда маалыматтар кызматтык колдонуу үчүн суралып жаткандыгын билдирди.

“Бул маалымат кантип ММКга тарап кеткенин иликтеп жатабыз. Учурда бул иш менен укук коргоо органдары алектенип жатат”, - деди ал.

Анарбаев билдиргендей, Каржылык чалгындоо кызматынын сурамдары тууралуу маалымат ММКларда бурмаланып кеткен.

“Биздин кат жарыялангандан кийин, анын маңызы бурмаланып калган. Аларда айтылган ойлор коомчулукту адаштырды. Биз тактап коелу, сурам бирөөнүн укугун бузуу үчүн эмес, справкалык маалымат үчүн жөнөтүлгөн. Биз акча же уячаларда сакталган буюмдар тууралуу маалымат сураган эмеспиз. Биздин каттар маалыматтардын борборлоштурулган базасын түзүү үчүн жиберилген”, - деди Анарбаев.

Пикир

Оставить комментарий