• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финчалгындоо комбанктарга жөнөткөн кат тууралуу: Улуттук банк биздин позициябызды колдоду деп ойлойбуз

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. «Биз Улуттук банк биздин позицияны колдоду деп ойлойбуз», - деп билдирди Финчалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда коммерциялык банктарга жолдогон кат тууралуу айтып жатып.

Анын айтымында, КР УБнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Мамфинчалгындоо кызматы маалыматты суроого укугу бар деп айтылат.

«Бизден тышкары билдирмени Мамлекеттик салык кызматы жана башка компетентүү органдар жөнөтө алышат. Меним оюмча, алар бизди колдошту», - деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ Улуттук банк маалымат таратып, анда кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалыматтын массалык түрдө тарап кетиши, банк системасына болгон ишенбөөчүлүккө алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий