• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финчалгындоонун маалыматы кантип интернетке тарап кеткендигин УКМК текшерет

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) эсеп жана уяча ээлери тууралуу ички колдонуудагы документ интернет булактарына кантип тарап кеткенин иликтейт. Бул тууралууу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анарбаев маалымат интернет булактарына тарап кеткенден кийин дароо УКМКга кайрылышкандыгын билдирди.

“Алар тиешелүү чара көрөт деп ишенебиз”, -деди ал.

Анарбаев белгилегендей, ал кат банктарга “Кызматтык коолдонуу үчүн” мөөрү менен жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий