• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Финляндия ТИМ башчысы «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууда КРга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Саясат 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. 2017-жылы 11-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Финляндия Республикасынын Тышкы иштер министри Т.Сойнинин чакыруусу менен Финляндияга расмий сапар менен барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, мамлекеттер аралык байланышты, парламенттер аралык жана жарандык коом жана ишкерлер тобунун өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана гуманитардык жаатта эки тараптуу байланыштарды мындан ары жакшыртууга аракеттер болуп жатканын белгилешти.

Т.Сойни “Таза Коом” улуттук долбоорун ишке ашыруу процессинде Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди, ал демократиялык процесстерди бекемдөөгө жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү менен камсыздоого багытталган.

Тараптар эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде айрым аймактык жана эл аралык маселелер боюнча кызматташтыктын мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, БУУ, Европа биримдиги, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттерин улантууга макулдашышты.

Финляндия тарапка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөнүнүн 25 жылдыгынын урматына куттуктоо каты берилди.

Финляндиянын тышкы соода жана өнүктүрүү министри К.Мюккянен менен жолугушууда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан суу ресурстарын башкаруу, саламаттыкты сактоо, КРда жарандык коомду жана демократияны бекемдөө, укук үстөмдүгү, билим берүү, андан тышкары айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу долбоорлор боюнча Финляндия өкмөтүнүн “Европада кеңейтүү боюнча демилге” программасынын алкагында эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары каралды.

Министр Э.Абдылдаев кызматташтык боюнча финляндия агенттигинин жетекчиси менен Кыргызстандагы уюмдардын долбоордук ишмердүүлүгүнүн келечегин жана натыйжалуулугун талкуулады.

Фото Марко Хуттунен

Пикир

Оставить комментарий