• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финляндиядагы бий жарышы

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Жакында эле кыргызстандык бийчилер Финляндияда өткөн арабадагы бал бийи боюнча биринчиликке катышып келген. Биринчиликте байгелүү орундарды алган бийчилер "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ал тууралуу айтып беришти.

Жарышка катышуу үчүн Финляндияга 14 өлкөнүн өкүлү келсе, Кыргызстандын атынан ага эки кыз катышкан.

Жарышта күмүш байге алган Айнура Телеушева, "Love-Life" коомдук фондунун төрагасы экенин айтып өттү. Ал фонд 2017-жылы түзүлүп, анын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды маданият жана искусство тармагына тартуу болгон.

"2018-жылы Кыргызстандагы алгачкы инклюзивдик студияны ачтык. Машыга баштадык. Жыйынтыктар көрүнгөндө алдыга жылууну, дүйнөлүк жарыштарга катышууну чечтик. Алгач ирет Финляндиядагы иш-чарага барып, "Фристайл Соло" бөлүмүндө катыштык. Мен экинчи орунду алдым. Биздин студияга жаңы катышуучу, спортчулар келсе болот", - деди ал.

"Назик кыз" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы Укей Мураталиева, Финляндиядагы биринчиликтен кийин бийге башкача көз караш менен карап баштаганын, жаңы бийиктиктерди багындыруу, анын ичинде Олимпиадага баруу максаты пайда болгонун белгиледи.

"Мен бийлейм деп ойлочу эмесмин. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү, бийлөө, кесипкөй катары бийлөө мүмкүн эмес деп ойлошот. Көрсө, мүмкүн болбогон эч нерсе жок экен. Жарым жылдык машыгуулардан кийин жарышка катышууга даяр болуп калдык", - деди ал.

Хореограф Адилет Токтогазиев белгилегендей, алга номер коюу сунушуна көңүлү тарткан эмес. Бирок, кыздар – дымагы, каалоосу, аракетчилдиги – аны таң калтыра алган.

"Айнура менен жарым жыл мурда таанышкам. Мен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштешүү кыйын деп ойлочумун. Келип, көңүлү жайдары кыздарды көрүп, алар менен иштеше баштап алардан ушунча дем-күч алдым. Алар бир нече жерде иштеп, бий менен алектенишет, долбоорлору бар, элдерге жардам беришет. Аны баары мага таасир этти", - деди Токтогазиев.

Сөзүнүн аягында ал, алдыда Санкт-Петербургда "Континенттер Кубогу" лицензиялык жарышы өтө тургандыктан өкмөт, ишкерлерди спортчуларга жардам берүүгө чакырды. Ага катышуу үчүн каржы, аны менен бирге моралдык колдоо керек.

Телеушова анын сөзүн коштоп, Финляндияга барууну, кымбат арабаларды сатып алууну мелдешти өткөргөн өлкө төлөп бергенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий