• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол: Алдамчылыкка шектелип ЖК депутаты К.Жумалиевдин уулдары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Алдамчылыкка шектелип ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин уулдары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор - Германиянын Б.Ф. аттуу жаранынын арызы боюнча, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович жана башка адамдар анын ишенимине кирип алып, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 млн АКШ доллар турган жабдууларды алышкан.

Белгилүү болгондой, Германиянын Б.Ф. аттуу жараны “А.Ю.К.” ЖЧК менен түзүлгөн контрактка ылайык 1 млн АКШ доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн, аталган ЖЧКнын директору М.С.М. болуп саналат, ал К.Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин, К.Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча, инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКнын дарегине жабдуу жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.БВ” компаниясына - Германиянын жараны Б.Ф. 800 миң АКШ доллары суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 28-январында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп “А.Ю.К.” ЖЧКнын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 29-январда, ошондой эле КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык “С.К.” ЖЧКнын директору Ж.Э.С. кармалды.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 29-январында, бул иш үчүн маанилүү болгон алынган буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу, Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

“Кабар” агенттигине булактар кабарлагандай, кармалган жарандар ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин уулдары - “А.Ю.К.” ЖЧКнын директору Мырзабеков Султан Медетбекович жана “С.К.” ЖЧКнын директору Жумалиев Элнур Самарбекович болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий