• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол дарыларды кымбат баада саткан адамдарга карата териштирүү ишин баштады

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дарыларды кымбат баада сатып жаткандарга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда республиканын аймагында Финполдун кызматкерлери дары-дармек каражаттарына жана медбуюмдарга бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган туруктуу түрдө рейддик чараларды көрүүдө.

Мындан улам, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө айрым жеке тараптар дары-дармектерди кымбат баада сатып жатканы аныкталган, муну менен алар мыйзамсыз негизде (тийиштүү лицензиясыз) учурда орун алган дүрбөлөңдөн жана дары-дармек каражататтарынын жетишсиздигинен пайдаланып, акча табууну көздөшкөн.

Аталган факт Финансы полициясы тарабынан мындан аркы контролдук сатып алууларды жүргүзүү үчүн негиз болуп берди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү, анда атайын уруксат кагаздары жок жеке тараптардын дары-дармектерди кымбаттаган баада сатып жаткандыгы боюнча бир катар фактыларды табышты.

Финполициянын кызматкерлери “Клексан” дарысын шаардын бир нече жеринен 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларын аныкташты.

Учурда алып сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды, жыйынтыгы боюнча катыштыгы бар адамдардын аракеттерине тийиштүү укуктук баалар берилип, процессуалдык чечимдер чыгарылат.

"Финполиция жашоого маанилүү дары-дармектерди баасынан ашыкча кымбаттатып сатуу менен алектенген кара ниет “кызыл кулак” жарандарды учурдагы жагдайды пайдаланбоону жана элдин эсебинен “байып” кетпөөнү эскертет. Алып сатарлык фактыларына катуу бөгөт коюлат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий