• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Финпол экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өмүрбекова Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча катталып, учурда иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында чакыртылган.

Учурда иштин жагдайы аныкталууда. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий