• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Финпол: Кыргызстанга эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.20./Кабар/. Кыргызстанга эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан "Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл бекетинен эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталып, "ДАФ" үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаа токтотулган.

Айдоочулар тиешелүү уруксат кагаздарын толугу менен көрсөтө алышкан эмес, ага байланыштуу пункттун товарларды каттоо боюнча мобилдик тобу тарабынан жүк ташуучу унаалар кармалып, айып токтотуучу жайга киргизилген.

Андан тышкары, жүк ташуучу унааларды дыкат текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз ташылып келе жаткан 300 бирдикке жакын товар аныкталган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Финпол тарабынан мамлекеттик бюджетке 1 миллион 2 миң сом кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий