• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Финпол кызмат адамына 250 миң сом пара сунуштаган жаранды кармады — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) кызмат адамына пара сунуштаган жаранды кармады.

Финполдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясынын кызматкерлери 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда, кылмыш үстүнөн “Т.А.” деген жаранды кармашты.

“Т.А.” аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара сунуш кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 328-беренеси ("пара берүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий